09.02.2022 №12 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чуй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө
2022-жылдын 10-апрелине дайындалган
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын,
Ош жана Чуй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин
депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө
каралган сметасын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жалал -Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чуй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 ПЖ Жарлыгынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,8,14 беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө сметасы 24 683 200 (жыйырма төрт миллион алты жүз сексен үч миң эки жүз) сом суммасында тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:
1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасын, анын ичинде 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды шайлоо комиссияларынын жүзөгө ашыруусу үчүн каражаттар (1а- тиркеме);
2) 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө төмөн турган шайлоо комиссияларынын чыгымдарынын сметасы (1б- тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп, отчеттуулук бөлүмү финансы Министрлиги менен өз ара аракеттешип, Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылоону уюштурсун, бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына бекитилген сметага ылайык бөлүштүрүүнү камсыздасын.
3. Аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыздасын, бекитилген сметага ылайык аларды финансылык жактан камсыздоону уюштурсун жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдоо жүргүзүүнү камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына контролдоо жүргүзсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына Т.У. Шайназаровко жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2022- жылдын 9-февралы
№ 12