11.12.2021 №819 Бир мандаттуу № 35 Ак-Суу шайлоо округу боюнчаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 35 Ак-Суу шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.

Бир мандаттуу Ак-Суу шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 99 шайлоо участогу түзүлгөн. 

Бир мандаттуу № 35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 118 457 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 36 511 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 30.82%.ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 11 талапкерди каттады:

1. Бараков Акбарбек Садырбекович;

2. Каниметов Адыл Жанкорозович;

3. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич;

4. Жанузаков Аманболду Медербекович;

5. Абдылдаев Таалайбек Дюшекеевич;

6. Мусалиев Кубан Болотбекович;

7. Молдоташев Ишенбай Курманович;

8. Болтуруков Омурбек Аяпбергенович;

9. Джумабекова Акылсайра Кадыралиевна;

10. Сарыбаев Тынчтыкбек Калмакович;

11. Супатаева Альфира Илиясовна.

Анын ичинен 10 талапкер добуш берүүгө катышты.

Бир мандаттуу № 35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 2 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

№35 Ак-Суу округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы №35 чечими менен,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, № 3057, 3060 шайлоо участокторунда шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочулардын санынан ашып кеткендигине байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.

Ал көрөстүлгөн шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу №35 Ак-Суу округунун натыйжасына таасир этпеген. Шайлоонун натыйжалары боюнча № 35 Ак-Суу шайлоо округунун 97 шайлоо участогунда жыйынтыктар чыгарылды.

Бир мандаттуу № 35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Ак-Суу округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:

  • Бараков Акбарбек Садырбекович 2197 (6.02%) добуш алды;
  • Каниметов Адыл Жанкорозович 3020 (8.27%.) добуш алды;
  • Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич 16 181 (44.32%.) добуш алды;
  • Жанузаков Аманболду Медербекович 616 (1.69%.) добуш алды;
  • Абдылдаев Таалайбек Дюшекеевич 625 (1.71%.) добуш алды;
  • Мусалиев Кубан Болотбекович 1601 (4.38%.); добуш алды
  • Молдоташев Ишенбай Курманович 2181 (5.97%.) добуш алды;
  • Болтуруков Омурбек Аяпбергенович 785 (2.15%.) добуш алды;
  • Сарыбаев Тынчтыкбек Калмакович 911 (2.50%.) добуш алды;
  • Супатаева Альфира Илиясовна 3878 (10.62%.) добуш алды;

“Баарына каршы” позициясы үчүн 3496 9,58% добуш берилди..

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат”.

Бир мандаттуу № 35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №35 Ак-Суу округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун,  8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бир мандаттуу № 35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич - бир мандаттуу № 35 Ак-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 11-декабры

№ 819