11.12.2021 №818 Бир мандаттуу № 18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо                    2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                                   5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 18 Ала-Бука шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.

Бир мандаттуу № 18 Ала-Бука шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 55 шайлоо участогу түзүлгөн. 

Бир мандаттуу № 18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 80107 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 30042 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 37,5%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү           5 талапкерди каттады:

1. Алымов Адылбек Шарипович;

2. Сулайманкулов Медеркул Ормонович;

3. Оморов Чынгыз Ашырбекович;

4. Туранов Искендер Эрикович;

5. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич.

Бир мандаттуу № 18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Ала-Бука округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык Алымов Адылбек Шарипович 6519 (21.70%) добуш алды, Сулайманкулов Медеркул Ормонович 6779  (22.56%) добуш алды, Оморов Чынгыз Ашырбекович 2176 (7.24%) добуш алды, Туранов Искендер Эрикович 1447 (4.82%) добуш алды, Турсунбаев Азизбек Атакозуевич 11279 (37.54%) добуш алды, «Баарына каршы» үчүн 1045 (3.48 %) добуш берилди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат.

Бир мандаттуу № 18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Ала-Бука округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы протоколунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин                    4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пункттун,                8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бир мандаттуу № 18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич бир мандаттуу № 18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 11-декабры

№ 818