11.03.2022 №28 № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө

№ 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө
 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесине, «№ 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо натыйжалары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 7-мартындагы №26 токтомуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна - № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилсин.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2022-жылдын 11–марты

№28