11.02.2022 №15 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8, 10-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» 2022-жылдын 8-февралындагы ПЖ №31 Жарлыгынын негизинде,                                                    Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттери тиркемеге ылайык бекитилсин.             

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 11-февралы

№15