09.02.2022 №11 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын
2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын
айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону
даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык
иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 31 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 9-февралы
№ 11