10.08.2022 №72 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ № 280 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.К. Мамбеталиевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2022-жылдын 10-августу
№ 72