10.08.2021 № 648 Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
2021-жылдын 9-августунда Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалсын жана саат 09-00 дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 10-августу
№ 648