10.05.2023г. №49
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.М. Курманалиеванын жана мүчөлөрү А.Д. Толомушеванын, Н.Т. Курманованын Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чүй облусунун Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Курманалиева Асель Мееркуловна, Толомушева Айгерим Даирбековна, Курманова Назира Темирбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Керезова Роза Нурдиновна, Сыдыгалиева Толгонай Сардарбековна, Шамшиева Нурзада Талапбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 10-майы
№49