09.10.2021 №730 Баткен облусунун Лейлек районунун № 8024 жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №3145 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Лейлек жана Ак-Суу округдук шайлоо комиссияларынын № 8024 жана № 3145 шайлоо участкаларынын имараттарынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштардын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Лейлек районунун №8024 шайлоо участкасынын дареги Голбо айылынын Жалал-Абад көчөсү 20 дарегиндеги коомдук иш чара өткөрүү борборунун эски имаратынан, Голбо айылынын Мектеп көчөсү 1 дарегиндеги Кожояр Казыев атындагы орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлсүн.
2. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №3145 шайлоо участкасынын дареги Каракол шаарынын Торгоев көчөсү 57 дарегиндеги шаардык салык башкармалыгынын эски имаратынан, Каракол шаарынын Гречко көчөсү 29 дарегиндеги №9 орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлсүн.
3. Лейлек жана Ак-Суу округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 9-октябры
№ 730