09.09.2021 №687 Ош аймактык  шайлоо комиссиясынын айрым чечимдерин жокко чыгуруу жана Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамын таркатуу жѳнүндѳ

Ош аймактык  шайлоо комиссиясынын айрым чечимдерин жокко чыгуруу жана Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамын таркатуу жѳнүндѳ

 

Мурда,  2021-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) дарегине тѳмѳндѳгү документтерди бекитүү үчүн тиркѳѳ менен Ош аймактык  шайлоо комиссиясынан (Ош АШК) кат келип түшкѳн:

1) алардын арыздарын каттоо жана «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 3 чечиминин кѳчүрмѳсүн тиркѳѳ менен  «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен 38 аял талапкерди алып салуу тууралуу Ош АШКнын 2021-жылдын 15-июлундагы № 41/1 чечимин;

2) Ош шаардык кеңешинин депутаттары А. Ашимжан кызынын  жана  А. Манап кызынын депутаттык ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда  токтотуу, бошогон депутаттык мандаттарды «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки катталган талапкерлер Н.М. Омурзаковго жана Д.А.  Жеенбековго берүү жѳнүндѳ Ош АШКнын 2021-жылдын 12-августундагы № 42 чечимин;

3) алардын арыздарын каттоо жана «Ата-Журт  Кыргызстан» саясий партиясынын 2021-жылдын 9-августундагы  № 10 чечиминин кѳчүрмѳсүн тиркѳѳ менен  «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен 39 талапкерди (алардын 31и аял талапкерлер) алып салуу тууралуу Ош АШКнын 2021-жылдын 12-августундагы № 43 чечимин;

4) «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттары А.А Караеванын,  У.Ж. Акматованын жана Б.Н. Турсунбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда  токтотуу, бошогон депутаттык мандаттарды саясий партиядан талапкерлердин тизмесинде кийинки катталган талапкерлер Б.Т. Баетовго, Б.С. Жолдошбаевге жана Ш. Бакир уулуна берүү жѳнүндѳ Ош АШКнын  2021-жылдын 18-августундагы № 44 чечимин;

5) Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты У.К. Каналиевдин  депутаттык ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда  токтотуу, бошогон депутаттык мандатты «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки катталган талапкер Н.К Раимовго берүү жѳнүндѳ Ош АШКнын 2021-жылдын 18-августундагы № 45 чечимин;

6) алардын арыздарын каттоо жана «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын 2021-жылдын 18-августундагы  № 6 чечиминин кѳчүрмѳсүн тиркѳѳ менен  «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен 6 талапкерди алып салуу тууралуу Ош АШКнын 2021-жылдын 18-августундагы № 46 чечимин;

7) Башка тиркелген документтерди (депутаттардын жана талапкерлердин арыздарын, паспортторунун кѳчүрмѳлѳрүн, соттуулугу жоктугу жѳнүндѳ маалымкаттарды).

Мында, Ош АШКнын кѳрсѳтүлгѳн чечимдери мурда БШКга бекитүү үчүн келип түшкѳн эмес.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 28-пунктуна ылайык «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Ошону менен  бирге, саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесинен бир эле учурда аял депутаттардын кѳп санынын чыгып жатышы БШКда  шектенүүнү жараткан. Ушуга  байланыштуу 2021-жылдын 25-августунда келип түшкѳн документтерди жол-жолбоштуруунун аныктыгын жана тууралыгын кошумча текшерүү, аталган аял талапкерлердин арыз беришинин жагдайларын аныктоо менен аларды кабыл алуунун бардык  шарттарын тактаганга чейин БШК тарабынан Ош АШКнын 6 чечимин кароону кийинкиге калтыруу тууралуу № 159 чечими кабыл алынган. 

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык «Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан, шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш».

Мында, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  56-1-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык «Талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо белгиленген, бул тизмедеги талапкерлердин жайгашуусунун тартибине ылайык жүргүзүлөт».

 

Саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелерин катоо учурунда (Ош АШКнын 2021-жылдын 20-июнундагы № 17-2 чечими) «Биздин Кыргызстан» жана  «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиялары тарабынан бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган ѳкүлчүлүгү жѳнүндѳ норма сакталган жана тизмедеги аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүктүн айрымасы эки позициядан ашкан эмес.

Бирок «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы добуш берилген күндѳн кийин катталган талапкерлердин тизмесинен депутаттык мандаттарды бѳлүштүрүүгѳ чейин 2021-жылдын 14-июлундагы № 3 чечими менен 38 аял талапкерди чыгарып салган, ошентип жогоруда аталган Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бѳлүгүнүн нормасын бузган.

Ошентип «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы тарабынан кѳрсѳтүлгѳн жана катталган талапкерлердин тизмесиндеги гендердик квотаны камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын талаптары сакталган эмес. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына  сунуш кылынган талапкерлердин тизмесинде бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашык эмес ѳкүлчүлүгү боюнча кѳрсѳтүлгѳн талаптар жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органында ар кайсы жыныстагы адамдардын ѳкүлдѳрүнүн тең болушуна жетишүү максатында  каралган жана шайлоо процессинин бардык этабында кѳрсѳтүп жаткан субъекттер тарабынан сакталууга тийиш.

Өз кезегинде, Ош АШК мыйзамдардын жогоруда аталган нормаларын эске албай туруп, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын 2021-жылдын 14-июлундагы № 3 чечиминин негизинде аталган саясий партиянын катталган тизмесинен 38 аял талапкерди чыгарып салуу тууралуу 2021-жылдын 15-июлунда №41/1 чечимин кабыл алган.

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо боюнча Ош АШКнын корутунду жыйыны 2021-жылдын 15-июлунда ѳткѳрүлгѳндүгүн, жыйында «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык 2021-жылдын 11-июлундагы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары тууралуу протокол түзүлгѳндүгүн белгилѳѳ зарыл.

2021-жылдын 17-июлунда Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча шайлоо документтерин бергенде 2021-жылдын 15-июлунда кабыл алынган жогоруда аталган №41/1 чечими Ош АШК тарабынан БШКга берилген эмес.

Ошондой эле кийин 2021-жылдын 26-июлунда Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ протоколду бекиткенде (№ 636 токтом) «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын катталган тизмесинен аял талапкерлердин жапырт чыгуусу фактысы жана Ош АШКнын №41/1 чечиминин бар экендиги БШКга белгисиз болгон.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Ош АШКнын аракеттеринде «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын катталган тизмесинен 38 аял талапкерди чыгаруу маселеси боюнча шайлоо документтерин оңдоп коюу жана бурмалоо белгилери байкалган.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 9-августунда «Ата-Журт Кыргызстан»  саясий партиясы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бѳлүгүнүн жогоруда аталган нормаларын бузуп,  ѳзүнүн №10 чечими менен катталган тизмеден 39 аял талапкерди чыгарып салган, ал эми Ош АШК 2021-жылдын 12-августундагы № 43 чечими менен аларды саясий партиянын катталган тизмесинен чыгарган, бул тууралуу ѳз учурунда БШКга билдирген эмес.

«Биздин Кыргызстан» жана «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партияларынын катталган тизмелеринен аял талапкерлердин жапырт чыгып жатышынын шарттарын тактаган учурда, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын жетекчилиги тарабынан аял талапкерлерге кысым жасоо фактысы белгилүү болду, бул тууралуу ошол саясий партиядан аял талапкерлердин бири  тастыктаган.

Ошондой эле БШКнын дарегине «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин иштеп жаткан депутаты Б.Н. Турсунбаева кайрылган, анын депутаттык ыйгарым укуктары Ош АШКнын 2021-жылдын 18-августундагы № 44 чечими менен токтотулаган.

Өзүнүн түшүнүк катында Б.Н. Турсунбаева 2021-жылдын 13-августундагы депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жѳнүндѳ анын атынан Ош АШК  берген арызга ал кол койбогондугун  билдирген.  Анын сѳзүнѳн алынган бул факт видеоматирал менен тастыкталган.

Аял депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жапырт мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуусу («Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан 2 жана «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан 3 адам) жана аталган саясий партиялардын катталган тизмесинен аял талапкерлердин чыгып жатышы («Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан 38 жана «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан 31 адам) коомдук резонансты жаратты, ал жогоруда кѳрсѳтүлгѳн Ош АШКнын чечимин жокко чыгаруу талабы менен БШКга кѳп сандагы жарандардын жана коммерциялык эмес уюмдардын кайрылууларынын себеби болуп калды. 2021-жылдын 28-августунан  1-сентябрына чейин бардыгы болуп 18 кайрылуу келип түшкѳн.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 28-пунктуна ылайык «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

Мында конституциялык Мыйзамдын жогоруда аталган беренесинин 2-бѳлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарууга укуктуу.

Ош АШКда мыйзамдарга ылайык аймактык шайлоо комиссиясы ѳзүнүн ыйгарым укуктарын жүзѳгѳ ашырууга тоскоол болгон оор, кыжалат кырдаал түзүлгѳндүгүн белгилѳѳ зарыл. Алсак, БШКнын дарегине АШКнын тѳрагасы У.Т. Аттокуровдун аракеттерине Ош АШКнын мүчѳлѳрүнѳн 2 кайрылуу жана Ош АШКнын мүчѳлѳрүнүн аракттерине АШКнын тѳрагасынан 1 кайрылуу келип түшкѳн.

Ошондой эле Ош АШК туруктуу негизде БШК сураткан маалыматтарды жана документтерди ѳз учурунда бербегендигин, АШК кабыл алган чаралар жана чечимдер жѳнүндѳ маалыматтарды жѳнѳтпѳгѳндүгүн, шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык кабыл алынган БШКнын тапшырмаларын жана чечимдерин аткарбагандыгын белгилѳѳ зарыл.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо  комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык «Аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат».

Жогоруда аталган Мыйзамдын 24-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктуна ылайык «Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй учурларда таркатылат:

2) мыйзамдын талаптарына ылайык кабыл алынган соттун же жогору турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин шайлоо комиссиясы аткарбаганда».

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин,  «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49, 56-1-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо  комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүүнүн, таркатуунун жана шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн, жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ» Жобону  жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын тѳмѳндѳгү чечимдери жокко чыгарылсын:

- 2021-жылдын 15-июлундагы  № 41/1,

- 2021-жылдын 12-августундагы   № 42,

- 2021-жылдын 12-августундагы   № 43,

- 2021-жылдын 18-августундагы   № 44,

- 2021-жылдын 18-августундагы   № 45,

- 2021-жылдын 18-августундагы   № 46.

2.  Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамы таркатылсын.

3.  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты үч календардык күндүн ичинде Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын  түзсүн.

4. Жогоруда көрсөтүлгөн сясий партиялардын, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын иш-аракетине укуктук баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтом «Эрикин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-сентябры

№ 687