08.10.2021 №728 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Ош облусунун

Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад

облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Токтогул районунун

Кызыл-Өзгөрүш, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

 

Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Кара-Суу, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ         № 408 Жарлыгына ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары                                Н. Койчукеев

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 8-октябры

№ 728