08.07.2021 № 620 Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

2021-жылдын10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын21-майындагы № 279 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орокайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер – Джаныбеков Азат Максатович, Маделиева Майя Азимкановна, Сыдыгалиев Муслим Усенбекович, Чодуев Урмат Асылбековичжана Эшеналиев Азат Пуларович, Орок айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Орок айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, 1 турда:  А.М. Джаныбековго– 5 добушМ.А. Маделиевага– 7 добушМ.У. Сыдыгалиевге–0 добушУ.А. Чодуевге–5 добушА.П. Эшеналиевге– 4 добуш«бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш, 2 турда: М.А. Маделиевага – 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 6 добуш берилгендиги белгиленген.

Сокулукаймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Маделиева Майя Азимкановна Орок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн.

2021-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия №116 чечимименен, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмүтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколдору жараксыз деп таанылган.

Арызда мыйзамга ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлердин «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси берүүчү В2 категориясындагы сертификаты болууга тийиш экендиги, ал сертификат айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер М.А. Маделиевада болбогондугу көрсөтүлгөн.

Аталган чечим соттук тартипте М.А. Маделиева тарабынан даттаналып, Бишкек шаардык Административдик сотунун 2021-жылдын 1-июлундагы аныктамасы менен арызды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 7-июлундагы токтому менен Бишкек шаардык Административдик сотунун 2021-жылдын 1-июлундагы аныктамасы күчүндө калтырылган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жонүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, М.А. Маделиевадан тышкары мурда катталган талапкерлер менен, 2021-жылдын 22-июлунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалсын.

2.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3.Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басарыТ. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 8-июлу

№ 620