08.02.2023 №5 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Нарын шаардык, Ат-Башы, Кара-Көл, Аксы, Сузак, Ысык-Ата, Кара-Суу, Өзгөн, Тоң, Түп, Кара-Буура жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Көл шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылдык кеңеши боюнча;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Б.Мамбетов айылдык кеңеши боюнча;
- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ысык-Көл, Сан-Таш, Сары-Булак, Арал жана Талды-Булак айылдык кеңештери боюнча
- Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын – Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылдык кеңеши боюнча
Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынан чечимдер келип түштү:
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын – Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, “Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет”.
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык, Ат-Башы, Кара-Көл, Аксы, Сузак, Ысык-Ата, Кара-Суу, Өзгөн, Тоң, Түп жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аксы жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Нарын шаардык, Ат-Башы, Кара-Көл, Аксы, Сузак, Ысык-Ата, Кара-Суу, Өзгөн, Тоң, Түп жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Нарын шаардык, Ат-Башы, Кара-Көл, Аксы, Сузак, Ысык-Ата, Кара-Суу, Өзгөн, Тоң, Түп жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 8-февралы
№ 5