04.08.2022 №71 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талап........
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сузак, Ноокат, Араван, Кызыл-Кыя, Баткен, Ат-Башы, Нарын шаардык, Балыкчы, Панфилов жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештерде депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя жана Курманбек айылдык кеңештери боюнча;
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Зулпуев айылдык кеңеши боюнча;
- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын – Ош облусунун Араван районундагы А.Анаров айылдык кеңеши боюнча;
- Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын – Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын – Баткен облусунун Баткен районундагы Төрт-Гүл айылдык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын – Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын – Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңеши боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын – Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерлерди чыгаруу жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын чечими келип түштү.
Аталган чечимдер “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, “Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдерин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак, Ноокат, Араван, Кызыл-Кыя, Баткен, Ат-Башы, Нарын шаардык, Балыкчы, Панфилов жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Сузак, Ноокат, Араван, Кызыл-Кыя, Баткен, Ат-Башы, Нарын шаардык, Балыкчы, Панфилов жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Сузак, Ноокат, Араван, Кызыл-Кыя, Баткен, Ат-Башы, Нарын шаардык, Балыкчы, Панфилов жана Сокулук аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 4 -августу
№ 71