04.03.2023 №13 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык кеӊештеринин жана Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун айрым жергиликтүү кеңештердин аймагындагы

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык кеӊештеринин жана Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун айрым жергиликтүү кеңештердин аймагындагы шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө»   2020-жылдын 30-январындагы №14 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын №8063 шайлоо участогунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ошондой эле Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак айылында жаңы шайлоо участогун түзүү жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 4-мартындагы № 3 чечими келип түшкөн.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак айылындагы шайлоо участкасын түзүү жөнүндө 2023-жылдын 3-мартындагы № 04-27/159 кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык кеӊештеринин жана Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун айрым жергиликтүү кеңештердин аймагындагы шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» 2020-жылдын 30-январындагы №14 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомдун тиркемесинде Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай аймагынын №8063 шайлоо участкасынын схемасы жана чек аралары бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык баяндалсын.

2. Баткен облусунун Баткен районун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак айылында жаңы №8219 шайлоо участкасы түзүлсүн жана анын схемасы жана чек аралары 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жаңыдан түзүлгөн шайлоо участкасынын дареги боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы Миң-Булак айылындагы №8219 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзсүн.

5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

г. Бишкек, 4 марта 2023 года

№ 13