03.11.2021 №776 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо

эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын шайлоонун дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29–августундагы ПЖ №370 жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, эл аралык уюмдардан келип түшкөн билдирүүлөрдүн негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, Австралиянын Россия Федерациясындагы элчилигинин, Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Беларус Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Азербайджан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, Румыниянын Туруктуу шайлоо органынын, Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана ЕККУ Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары тиркемеге ылайык аккредитациялансын.

2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктѳлсүн.


 

ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 03-ноябры

№ 776