03.10.2021 №718 Чүй облусунун Аламүдүн районунун №7176 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

 

Аламүдүн округдук шайлоо комиссиясынын №7176 шайлоо участкасынын имараты канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу дарегин өзгөртүү жөнүндө сунуштардын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пунктарына,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун № 7176 шайлоо участкасынын дареги Төмөнкүү-Аларча айылынын Кыргызская көчөсү 190/б дарегиндеги «Интел» дүкөн имаратынан, Төмөнкүү-Аларча айылынын Кыргызская көчөсү 196 дарегиндеги «Таймаш» компьютердик клуб имаратына өзгөртүлсүн.

2. Аламүдүн округдук шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 3-октябры

№ 718