01.07.2021 № 581 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы № 392 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер – Ташполот уулу Бексултан, Шапиев Улукбек Мурзабекович, Тургунбаев Омурбек Жоробаевич, Исаев Жеңишбек Куламидинович, Адиев Каныбек Ысмаилович катталган. Талапкерлер Кеңеш айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Кеңеш айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын бардыгы катышып, биринчи турунда Б. Ташполот уулу - 8 добуш, У.М. Шапиев – 7 добуш, О.Ж. Тургунбаев – 1 добуш, Ж.К. Исаев – 5 добуш, К.Ы. Адиев – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген, экинчи турунда Б. Ташполот уулу – 10 добуш, У.М. Шапиев –11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Шапиев Улукбек Мурзабекович Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 24-июнундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Шапиев Улукбек Мурзабекович Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
- Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 1-июлу
№ 581