КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Борбор Азия боюнча Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту

18 февраля 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 18-февралда, Джузи Принчи төрагылыгы астындагы Борбор Азия менен байланыштар боюнча Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууга Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Реми Дюфло, ошондой эле делегация  мүчөлөрү - Италия, Финляндия, Германия, Франция, Чехия Республикасы жана Болгариянын өкүлдөрү катышты.

Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасы жана КР БШКсы Европа өлкөлөрү менен конструктивдүү диалогко жана кызматташтыкка ар дайым ачык экенин белгиледи. Ал 2025-жылдын 30-ноябрында өлкөдө парламенттик шайлоо өткөнүн эске салып, ага эл аралык байкоочулар чакырылганын билдирди. Шайлоо процессине жалпы 778 байкоочу катышып, алардын 374ү ЕККУ миссияларынын өкүлдөрү болгон.

БШК төрагасынын айтымында, бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин VIII чакырылышындагы депутаттык корпус толугу менен калыптанып, 90 депутаттан турат. Бүгүн дагы төрт депутатка мандат тапшырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан шайлоо реформаларынын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду. Төраганын белгилешинче, жаңыланган шайлоо системасы гендердик теңчиликти камсыздап, жарандардын активдүү шайлоо укугун ишке ашырууга, анын ичинде аралыктан добуш берүү аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтти. Заманбап технологияларды колдонуу бюллетендерди салуу жана “карусель” сыяктуу мыйзам бузууларды минималдаштырууга шарт түздү.

Өз кезегинде Джузи Принчи делегациянын кеңири өкүлчүлүк курамы Европа парламентинин Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдоого болгон жогорку кызыкчылыгын айгинелеп турарын белгиледи. Ал өлкөдөгү шайлоо процесси ачык-айкын жана адилет өтүп жатканын белгилеп, жаңы шайлоо системасын ишке киргизүүнүн практикалык аспектилерине кызыгуусун билдирди.

Атап айтканда, делегацияны жаңыланган добуш берүү форматына өтүүдөгү чакырыктар, айылдык жана тоолуу аймактардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, аралыктан добуш берүүдө колдонулган жабдуулардын техникалык жана адамдык факторлору, ошондой эле гендердик теңчилик механизмдерин мындан ары өнүктүрүү жана ЕККУ миссиясынын сунуштарын ишке ашыруу маселелери кызыктырды.

Тынчтык Шайназаров өлкөдө шайлоо процесстерин санариптештирүү системалуу түрдө жүргүзүлүп жатканын жана бардык аймактарды, анын ичинде жетүүгө кыйын болгон алыскы айылдарды да камтып жатканын белгиледи. Жарандардын шайлоого тең укуктуу катышуусун камсыздоо үчүн керектүү жабдуулар бардык мүмкүн болгон жолдор менен жеткирилүүдө.

Ошол эле учурда ал түзүлгөн уюштуруучулук жана техникалык мүмкүнчүлүктөргө карабастан, анын ичинде чет өлкөдө жүргөн мекендештер үчүн аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар экенине карабай, калктын шайлоого катышуу активдүүлүгүн жогорулатуу маанилүү милдет бойдон каларын кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында делегация мүчөлөрү КР БШК жетекчилигине ачык жана мазмундуу диалог үчүн ыраазычылык билдирип, шайлоо системасын жана демократиялык институттарды өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашууну мындан ары да улантууга кызыкдар экенин белгилешти.