КР БШКсы № 12 шайлоо округунан талапкер Н. Койчуманованын каттоосун жокко чыгарды

22 января 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-январда № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнанын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды.

Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер Н. Койчуманова КР БШКга 2026-жылдын 21-январында кайрылган.

Белгилей кетсек, ал 2026-жылдын 1-мартында ѳтѳ турган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген.