КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

12 января 2026

КР БШКсы бүгүн, 12-январда, өз жыйынында Панфилов, Ноокат, Алай, Токтогул жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Ремизова Светлана Николаевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Акматбеков Мелисбек Милдетовичке өткөрүлүп берилди;

Ноокат районунун Кулатов айылдык кеңешинин депутаты Аданов Нурлан Султановичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мурзураимов Убайдилла Ташановичке өткөрүлүп берилди;

Алай районунун Курманжан Датка айылдык кеңешинин депутаттары Маматумаров Жомарт Аринбаевичтин жана Талантбек уулу Азаматтын ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Шааева Кундуз Тойчубековнага жана Таласбеков Султанбек Таласбековичке өткөрүлүп берилди;

Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Токтосунов Рысбек Райымбековичтин («Тынчтык» саясий партиясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тотобаев Марс Анарбековичке («Тынчтык» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Иманалиев Руслан Салакуновичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Карыбаев Бактыбек Токтосуновичке өткөрүлүп берилди.