КР БШКсы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн 16 ЖМКны аккредитациялады
12 января 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн,
12-январдагы жыйынында 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 16 ЖМКны аккредитациялады.
Алардын ичинде:
басылмалар – 1;
телекөрсөтүү – 9;
радио – 3;
интернет-басылмалар – 3.
КР БШКнын расмий сайтында ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.
Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.
Мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери добуш берүү күнүнөн 20 күн мурда – 9-февралда башталып, добуш берүү күнүнөн бир күн мурун – 28-февралда саат 8:00дө токтотулат.
ЖМКлардын тизмеси:




