КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
10 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары тууралуу токтом кабыл алды.
Ага ылайык, КР БШКсы 30 көп мандаттуу округда шайлоо өткөнүн таанып, шайлоонун жыйынтыктарына ылайык 29 көп мандаттуу округдан 87 талапкердин Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланганын билдирди.
Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгын мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарды.
2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын тизмесине 4 294 243 жаран киргизилип, 1 584 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 % түздү.
КР БШКсы өлкө аймагында 2492 шайлоо участогун, 27 аралыктан добуш берүү шайлоо участогун, ал эми чет өлкөдө 100 шайлоо участогун ачты. Аралыктан добуш берүү шайлоо участоктору аркылуу 190 030 жаран шайлоого катышты.
Өткөн парламенттик шайлоодогу негизги өзгөчөлүк – аралыктан добуш берүү аркылуу өзүнүн аймагынан сырткары жүргөн жарандар каалаган шайлоо участокторунда добуш бере алышты.
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо мыйзам талаптарына ылайык, кынтыксыз жогорку деңгээлде өттү.
