КР БШК № 4 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
08 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 4 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 4 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Рустамбек уулу Советбек – 11 899 добуш (20,35%);
- Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич – 9 996 добуш (17,09%);
- Алимжанова Нилуфар Якубжановна – 4 264 добуш (7,29%).
№ 4 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 74 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 128 348 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 59 193 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 46,12% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 53 809 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 41,93% түздү. 5 384 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 4,20% түздү.
№ 4 шайлоо округу боюнча КР БШКсы 11 талапкерди каттады, шайлоого 11 талапкер катышты.
№ 4 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Мадмарова Эльнара Абдувалиевна – 3 060 добуш (5,23%);
2. Рустамбек уулу Советбек – 11 899 добуш (20,35%);
3. Эсенбаев Манарбек Байтокович – 2 941 добуш (5,03%);
4. Илязбаев Нурбек Илязбаевич – 3 153 добуш (5,39%);
5. Амиралиев Шабданбек Камалидинович – 9 048 добуш (15,47%);
6. Орозалиева Айгуль Батырбековна – 758 добуш (1,30%);
7. Нарматова Надира Азимовна – 2 278 добуш (3,90%);
8. Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич – 9 996 добуш (17,09%);
9. Алимжанова Нилуфар Якубжановна – 4 264 добуш (7,29%);
10. Мамадумаров Ахмеджан – 2 986 добуш (5,11%);
11. Абдивалиев Артыкбай Турабидинович – 7 827 добуш (13,38%);
12. “Баарына каршы” – 273 добуш (0,47%).
№ 4 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 4 арыз (даттануу) келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШКсы № 4 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, № 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Рустамбек уулу Советбек, Жаанбаев Уланбек Коргонбаевич жана Алимжанова Нилуфар Якубжановна таанылды.



