КР БШК № 14 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
08 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 14 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 14 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Борбиев Болотбек Ибраимович – 13 445 добуш (24,92%;;
- Сулайманов Кундузбек Кошалиевич – 12 064 добуш (22,36%);
- Култаева Гулшаркан Оконовна – 6 415 добуш (11,89%);
№ 14 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 77 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 149 026 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 54 536 шайлоочу, же 36,59% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 48 332 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 32,43% түздү.
6 204 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,16% түздү.
№ 14 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 18 талапкерди каттады, шайлоого 18 талапкер катышты.
№ 14 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 14 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Жумабекова Турдукан Абдыкарыевна – 1 232 добуш (2,28%);
2. Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович – 6 605 добуш (12,24%);
3. Борбиев Болотбек Ибраимович – 13 445 добуш (24,92%);
4. Эсенкулов Арно Толобекович – 1 371 добуш (2,54%);
5. Култаева Гулшаркан Оконовна – 6 415 добуш (11,89%);
6. Мамытканова Тамара Акимжановна – 3 134 добуш (5,81%);
7. Утурбаева Мариякан Төлөгөновна – 2 810 добуш (5,21%);
8. Эргешбаева Таттуубүбү Нурбековна – 1 991 добуш (3,69%);
9. Жапарова Жеңишгүл Молдокеримовна – 1 292 добуш (2,39%);
10. Сулайманов Кундузбек Кошалиевич – 12 064 добуш (22,36%);
11. Толубаева Нураида Нуржакыповна – 1 873 добуш (3,47%);
12. Бердимуратова Гүлжан Калпакбаевна – 561 добуш (1,04%);
13. “Баарына каршы” – 1 155 добуш (2,14%).
№ 14 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 2 арыз (даттануу) келип түштү. Алардын баары каралып, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШК № 14 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Борбиев Болотбек Ибраимович, Сулайманов Кундузбек Кошалиевич жана Култаева Гулшаркан Оконовна таанылды.



