КР БШК № 12 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

08 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, № 12 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.

 № 12 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:

- Чолпонбай уулу Бекмырза – 16 335 добуш (27,44%);

- Масабиров Талайбек Айтмаматович – 9 945 добуш (16,71%);

- Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна – 2 517 добуш (4,23%).

№ 12 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 92 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 154 553  шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 60 623 шайлоочу, же 39,22% катышты.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 55 768 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 36,08%  түздү.

4 855 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,14% түздү.

№ 12 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 18 талапкерди каттады, шайлоого 18 талапкер катышты.

№ 12 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 12 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

 1. Кайыпов Сулайман Турдуевич – 1 135 добуш (1,91%);

2. Карабекова Кызжибек Советовна – 833 добуш (1,40%);

3. Жусупова Зайнапхан Балтабаевна – 254 добуш (0,43%);

4. Энназаров Санжарбек Арзыкулович – 1 113 добуш (1,87%);

5. Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна – 2 517 добуш (4,23%);

6. Жалилова Гүльназ Тажибаевна – 1 653 добуш (2,78%);

7. Омошев Эрмекбай Алянович – 2 563 добуш (4,31%);

8. Маматов Бакытбек Самаганович – 5 238 добуш (8,80%);

9. Эрматов Нурдин Манапович – 2 179 добуш (3,66%);

10. Койчуманова Нуркан Кадыровна – 786 добуш (1,32%);

11. Акбаев Авазбек Абдирахманович – 2 199 добуш (3,69%);

12. Рахман Медер – 1 202 добуш (2,02%);

13. Султанова Роза Ажимаматовна – 339 добуш (0,57%);

14. Камбарова Гулмира Бекеновна – 564 добуш (0,95%);

15. Тиллебаев Темирбек Кыргызбаевич – 4 085 добуш (6,86%);

16. Масабиров Талайбек Айтмаматович – 9 945 добуш (16,71%);

17. Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич – 5 898 добуш (9,91%);

18. Чолпонбай уулу Бекмырза – 16 335 добуш (27,44%);

19. “Баарына каршы”  – 686 добуш (1,15%).

 

№ 12 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 3 арыз (даттануу) келип түштү. Алардын баары каралып, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.

КР БШК № 12 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.

№ 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Чолпонбай уулу Бекмырза, Масабиров Талайбек Айтмаматович жана Курманалиева Жылдыз Кочкоралиевна таанылды.