КР БШК № 7 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

08 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 7 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 7 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Козуев Алишер Абибиллаевич – 20 672 добуш (41,45%);
- Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович – 7 711 добуш (15,46%);
- Машрапова Гүлай Эгемназаровна – 3 478 добуш (6,97%).

№ 7 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 78 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 141 414 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 50 685 шайлоочу, же 35,84% катышты.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 46 654 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 32,99% түздү.
4 031 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 2,85% түздү.
№ 7 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 13 талапкерди каттады, шайлоого 13 талапкер катышты.
№ 7 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 7 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович – 7 711 добуш (15,46%);
2. Ыдырысова Чынаркан Орозбаевна – 1 751 добуш (3,51%);
3. Чалова Гүлбарчын Толонбаевна – 2 757 добуш (5,53%);
4. Ормонова Авазкан Чынбердиевна – 1 283 добуш (2,57%);
5. Козуев Алишер Абибиллаевич – 20 672 добуш (41,45%);
6. Машрапова Гүлай Эгемназаровна – 3 478 добуш (6,97%);
7. Аттокурова Гульмира Нишанбаевна – 1 133 добуш (2,27%);
8. Жеенбекова Чолпон Абдылдаевна – 499 добуш (1,00%)
9. Бакир Уулу Турсунбай – 591 добуш (1,18%);
10. Макамбаев Сталбек Абибиллаевич – 1 225 добуш (2,46%);
11. Акыл Уулу Актилек – 1 152 добуш (2,31%);
12. Джеенбаева Гулуипа Арстанбековна – 1 591 добуш (3,19%);
13. Юсупов Замир Байышович – 5 461 добуш (10,95%);
14. “Баарына каршы” – 571 добуш (1,14%).
№ 7 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 5 арыз (даттануу) келип түштү.
Келип түшкөн бардык билдирүүлөр каралды жана ар бир билдирүү боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.
Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШК № 7 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Козуев Алишер Абибиллаевич, Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович жана Машрапова Гүлай Эгемназаровна таанылды.