КР БШК № 21 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

08 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-декабрда № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, № 21 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.

 № 21 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:

- Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич – 13379 добуш (33,56%);

- Абиров Жаныбек Болотбекович – 8914 добуш (22,36%);

- Садырбаева Жылдыз Эсенбековна – 2079 добуш (5,22%). 

№ 21 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 58 шайлоо участогу түзүлгөн. Округдагы шайлоочулардын тизмесине 139 403 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгѳ 40 393 шайлоочу, же 28,98% катышты.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 34 286 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин, 24,60% түздү.

6 107 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,38% түздү.

№ 21 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 16 талапкерди каттады, шайлоого 16 талапкер катышты.

№ 21 шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 21 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1.      Омонова Гульчехра Таабалдиевна – 257 добуш (0,64%);

2.      Чомоева Нургул Жаныбековна – 341 добуш (0,86%);

3.      Тазабекова Гүлшат Алпамышовна – 166 добуш (0,42%);

4.      Тоотаев Улукмырза Абдилашимович – 188 добуш (0,47%);

5.      Сатынбаев Динмухамбет Доктурбекович – 374 добуш (0,94%);

6.      Супатаев Мунарбек Абдукадырович – 383 добуш (0,96%);

7.      Абиров Жаныбек Болотбекович – 8914 добуш (22,36%);

8.      Айдарбеков Чингиз Азаматович – 6259 добуш (15,70%);

9.      Байзаков Ильяс Касымбекович – 196 добуш (0,49%);

10.    Джапаркулова Мария Дулатовна – 296 добуш (0,74%);

11.    Арбышев Бейшен Тургунбаевич –  576 добуш (1,45%);

12.    Садырбаева Жылдыз Эсенбековна – 2079 добуш (5,22%);

13.    Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич – 13379 добуш (33,56%);

14.    Бапаева Гүлсана Жунусовна – 479 добуш (1,20%);

15.    Жеенчороев Мирлан Канатбекович – 3324 добуш (8,34%);

16.    Тажибаев Канатбек – 214 добуш (0,54%);

17.    Баарына Каршы – 2435 добуш (6,11%).

№ 21 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 5 арыз (даттануу) келип түштү. Алардын баары каралып, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Кабыл алынган чечимдер шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.

КР БШК № 21 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.

№21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич, Абиров Жаныбек Болотбекович жана Садырбаева Жылдыз Эсенбековна таанылды.