КР БШК № 5 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 5 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 5 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Сулайманов Эльдар Нурланович – 18 789 (36,66%);
- Исираилов Азамат Алмазбекович – 9 248 добуш (18,04%);
- Ахмедова Айгуль Абдилхаевна – 5 225 добуш (10,19%).
№ 5 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 74 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 164 881 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 52 172 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 31,64% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 47 892 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 29,05% түздү. 4 280 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 2,60% түздү.
№ 5 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, шайлоого 14 талапкер катышты.
№ 5 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 5 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Баргибаева Жипаргул Мухтаровна – 286 добуш (0,56%);
2. Султанова Салима Эргешовна – 1 723 добуш (3,36%);
3. Исираилов Азамат Алмазбекович – 9 248 добуш (18,04 %);
4. Ахмедова Айгуль Абдилхаевна – 5 225 добуш (10,19 %);
5. Ормонова Жамал Аккозевна – 908 добуш (1,77%);
6. Камилова Дилбар Зулпуевна – 756 добуш (1,48%);
7. Маматалиева Багдадгул Меликозиевна – 1 780 добуш (3,47%);
8. Бердикулова Эльмира Маматеминовна – 559 добуш (1,09%);
9. Исаева Гүлназ Назарбаевна – 834 добуш (1,63%);
10. Алтыбаева Айнуру Тойчиевна – 1 057 добуш (2,06%);
11. Сулайманов Эльдар Нурланович – 18 789 добуш (36,66%);
12. Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович – 3 678 добуш (7,18%);
13. Абдуллаев Азизбек Ашимжанович – 3 763 добуш (7,34%);
14. Мурзажигит кызы Зарема – 1 183 добуш (2,31%);
15. “Баарына каршы” – 1 463 добуш (2,85%).
№ 5 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 2 арыз (даттануу) келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШКсы, № 5 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык, № 5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 5 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Сулайманов Эльдар Нурланович, Исираилов Азамат Алмазбекович жана Ахмедова Айгуль Абдилхаевна таанылды.
