КР БШК № 28 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

07 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, №28 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
     № 28 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Кокулов Эрулан Калчороевич – 11 619 добуш (20,35%);
- Сагынаев Болот Турусбекович – 9 254 добуш (16,21%);
- Жунушбаева Рахат Мырзабековна – 6 724 добуш (11,78%).
№ 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 108 шайлоо участогу участогу түзүлүп, шайлоочулардын тизмесине 160 044 шайлоочу киргизилген. 
Добуш берүүгѳ 57 677 шайлоочу, же 25,42% катышты. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 29339 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 36,04% түздү. 
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 48 506 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 30,31% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 48 506 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 30,31% түздү.
9 171  шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 5,73% түздү. 
№ 28 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КР БШКсы 16 талапкерди каттады, шайлоого 16 талапкер катышты.
№ 28 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы     № 28 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
    
Усенова Эльмира Валентиновна    – 3 015 добуш (5,28%);
2. Түлөбаев Балбак Зарлыкович – 4 297 добуш (7,53%);
3. Жунушбаева Рахат Мырзабековна – 6 724 добуш (11,78%);
4. Абдымамбетова Мунара Байсымаковна – 728 добуш (1,28%);
5. Малиев Арсланбек Касымакунович – 1 766 добуш (3,09%);
6. Сагынаев Болот Турусбекович – 9 254 добуш (16,21%);
7. Онгоев Нурлан Асылбекович – 1 003 добуш (1,76%);
8. Кокулов Эрулан Калчороевич – 11 619 добуш (20,35%);
9. Исмаилов Муратбек Кубанычбекович – 5 279 добуш (9,25%);
10. Жолдошбеков Эралы Жолдошбекович – 220 добуш (0,39%);
11. Жунушалиева Мээрим Кубанычбековна – 1 383 добуш (2,42%);
12. Дороев  Азамат Кубанычбекович – 5 774 добуш (10,12%);
13. Ибраев Саматбек Кулукеевич – 1 640 добуш (2,87%);
14. Оморова Айнур Самыйбековна – 1 911 добуш (3,35%);
15. Асанакунова Жылдыз Жартыевна – 624 добуш (1,09%);
16. Кемелов Акыл Канатбекович – 978 добуш (1,71%);
17. «Баарына каршы» – 867 добуш (1,52%).
№ 28 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко 3 арыз (даттануу) келип түшкөн. Ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШКсы, № 28 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 28 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 28 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Кокулов Эрулан Калчороевич, Сагынаев Болот Турусбекович жана Жунушбаева Рахат Мырзабековна таанылды.