КР БШК № 24 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 24 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 24 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Салымбеков Жумабек Мамытбаевич – 7481 добуш 22,16%;
- Карыбек Уулу Улукбек – 6038 добуш 17,89%;
- Акимбаева Гульнара Орозбековна – 3505 добуш 10,38%;
№ 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 60 шайлоо участогу жана кошумча 4 аралыктан добуш берүү участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 134 994 шайлоочу киргизилген.
Добуш берүүгѳ 34 309 шайлоочу, же 25,42% катышты. Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 29339 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 21,73% түздү. 4970 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 3,68% түздү.
№ 24 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КР БШКсы 14 талапкерди каттады, шайлоого 13 талапкер катышты.
№ 24 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 24 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Карыбек Уулу Улукбек – 6038 добуш 17,89%;
2. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич – 7481 добуш 22,16%;
3. Исмаилов Арафат Сайдахматович – 5595 добуш 16,58%;
4. Кульмамбетова Алтынай Болотовна – 325 добуш 0,96%;
5. Акимбаева Гульнара Орозбековна – 3505 добуш 10,38%;
6. Исаева Майрамкуль Тургунбековна 324 добуш 0,96%;
7. Ибраймакунов Данияр Омурбекович 486 добуш 1,44%;
8. Молдалиева Шарийпа Токтоматовна 1757 добуш 5,21%;
9. Орозбаев Мирлан Кубатбекович 288 добуш 0,85% ;
10. Шарапова Жибек Закировна 683 добуш 2,02%%;
11. Кайыпов Эржан Сулайманович 305 добуш 0,90%;
12. Токторбаева Кыял Айтбековна 1102 добуш 3,26%;
13. Эргешов Казыбек Кочкорович 3434 добуш 10,17%;
14. Каттоосу жокко чыгарылган;
15. Баарына каршы 2432 добуш 7,20%.
№ 24 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко 3 арыз (даттануу) келип түштү жана округдук шайлоо комиссиясынын чечими менен 2 участоктун жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШКсы, № 24 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 5-декабрындагы № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 24 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Салымбеков Жумабек Мамытбаевич, Карыбек Уулу Улукбек жана Акимбаева Гульнара Орозбековна таанылды.



