КР БШК № 11 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти

07 декабря 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, № 11 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.

№ 11 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:

- Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич – 24 302 добуш (55,84 %);

- Кылычбаев Алтынбек Таирович – 7 447 добуш (17,11 %);

- Салямова Венера Хамзаевна – 4 839 добуш (11,12 %).

№ 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 75 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 155 495 шайлоочу киргизилген. Добуш берүүгѳ 44 106 шайлоочу, же 28,36% катышты.

Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 40 212 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 25,86% түздү. 3 894 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 2,50% түздү.

№ 11 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КР БШКсы 5 талапкерди каттады, шайлоого 5 талапкер катышты.

№ 11 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 11 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:

1. Салямова Венера Хамзаевна – 4 839 добуш (11,12 %);

2. Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич – 24 302 добуш (55,84 %);

3. Камчибекова Нуржамал Матисаковна – 1 219 добуш (2,80 %);

4. Кылычбаев Алтынбек Таирович – 7 447 добуш (17,11 %);

5. Калбердиева Мавлюда Калмаматовна – 4 605 добуш (10,58 %);

6. “Баарына каршы” – 1 105 добуш (2,54 %).

№ 11 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко арыз (даттануу) келип түшкөн эмес.

КР БШКсы, № 11 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.

№ 11 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич, Кылычбаев Алтынбек Таирович жана Салямова Венера Хамзаевна таанылды.