КР БШК № 16 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
05 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-декабрда № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 16 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
Төмөнкүлөр № 16 шайлоо округу боюнча шайланган депутаттар деп таанылды:
- Джумабеков Дастанбек Артисбекович – 12 928 добуш (22,97%);
- Чотонов Медер Осконбекович – 10 164 добуш (18,06%);
- Кайрылбекова Медина Кайрылбековна – 8 951 добуш (15,90 %).
Шайлоону уюштуруу үчүн № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 82 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 133 744 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 57 031 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 42,6% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 50 018 шайлоочу добуш берди, шайлоо участокторунда добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 37,40% түздү. 7013 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул добуш бергендердин жалпы санынын 5,24% түздү.
КР БШК № 16 шайлоо округу боюнча депутаттыкка 10 талапкерди каттаган, шайлоого 10 талапкер катышты.
№ 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө № 16 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Жакышов Русланбек Шергазиевич – 8 872 добуш (15,76%);
2. Джумабеков Дастанбек Артисбекович – 12 928 добуш (22,97%);
3. Кайрылбекова Медина Кайрылбековна – 8 951 добуш (15,90 %);
4. Биймырза уулу Азиз – 3 816 (6,78 %);
5. Сыйдалиева Мээрим Төрөбековна – 1 399 добуш (2,49 %);
6. Чотонов Медер Осконбекович – 10 164 добуш (18,06%);
7. Расул кызы Миргүл – 2 662 добуш (4,73%);
8. Суюнбаев Медетбек Рысбекович – 546 добуш (0,97%);
9. Мураталиев Марат Молдонович – 5 005 добуш (8,89%);
10. Капалов Адылбек Эшимбекович – 1 275 добуш (2,27%);
11. “Баарына каршы” добуш берген шайлоочулар – 667 добуш (1,19%)
№ 16 шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Ыкчам чара көрүү тобуна жалпы 6 арыз жана даттануу келип түшкөн. Алардын баары каралып, мыйзамдарга ылайык чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер КР БШКнын даттануулар жана бузуулар реестринде көрсөтүлгөн.
КР БШК № 16 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 16 көп шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешин шайланган депутаттары деп Джумабеков Дастанбек Артисбекович, Чотонов Медер Осконбекович жана Кайрылбекова Медина Кайрылбековна таанылды.


