КР БШК көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жараксыз деп тааныды
03 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 3-декабрда, өзүнүн жыйынында көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жараксыз деп тааныды.
Буга шайлоо округунун шайлоо участкаларында бир катар мыйзам бузуулардын катталгандыгы себеп болду. Атап айтканда, талапкерлердин өкүлдөрү шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөө жана байкоо максатында смартфондордогу камераларды орнотушкан.
КР БШКга аталган шайлоо округунун шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар боюнча арыздар, даттануулар жана кайрылуулар 2025-жылдын 2-декабрында келип түштү. Мындан тышкары, социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тарабынан шайлоочулардын шайлоо укуктарын орой бузганы көрсөтүлгөн фото жана видео материалдар тараган. Шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен жана добуш сатып алуу фактылары тууралуу кабарланган, бул болсо социалдык тармактарга жайгаштырылган фото жана видео далилдер менен тастыкталган.
Жогоруда аталган мыйзам бузуулар массалык мүнөздө болгон. КР БШКга түшкөн арыздар жана даттанууларды текшерүү максатында шайлоо участокторунда шайлоо күнү КР БШК тарабынан орнотулган камералардын видеожазуулары каралды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, талапкердин байкоочусу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы белгилеген жерде комиссиянын ишине тоскоолдук келтирбей, шайлоочулардын купуя добуш берүү укугун бузбай жана добуш берүү процесси менен жыйынтыгын аныктоого тоскоолдук кылбай фото-, видео- жана аудио жазууну жүргүзүүгө укуктуу.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, 35 шайлоо участкасында катталган талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамсыз камераларды орнотуп, купуя добуш берүү принцибин бузуу менен добуш берүү учурунда шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөп турганы аныкталды.
Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн уруксат берилбеген видеого тартууну токтотууга аракет жасашканы менен талапкерлердин өкүлдөрү видеого тартууну токтотушкан эмес. Ушуга байланыштуу КР БШКсы участкалык комиссиялар өз милдеттерин канчалык тийиштүү деңгээлде аткаргандыгын аныктоо үчүн алардын ишин карап чыгат.
Ошентип, 35 шайлоо участогунда шайлоочулардын эркин добуш берүүсүнө таасир эткен бузуулар болуп, купуя добуш берүү принциби бузулган. Талапкерлердин өкүлдөрү шайлоо участокторунда көзөмөл жүргүзгөн, комиссиялардын ишине басым көрсөтүлгөн. Мына ушундан улам №13 шайлоо округунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо мүмкүн эмес.
Ошентип, талапкерлердин өкүлдөрү шайлоочуларды добуш берүү участкасына кирген учурдан тартып, идентификациядан өтүп, ага бюллетень басып чыгарылып берилип, добуш берүү кабинасына кирип чыгып, бюллетенди автоматтык саноо урнасына салганга чейинки бүткүл процессти көзөмөлдөп турушкан.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 37-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине таянып, КР БШК көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жараксыз деп тааныды.
Мындан тышкары, конституциялык Мыйзамга ылайык, №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан төмөнкү бардык талапкерлерди кайрадан көрсөтүүгө жол берилбейт:
1. Нышанов Сайдулла Канболотович;
2. Мамытов Талант Турдумаматович;
3. Кенжебаев Нурланбек Исраилжанович;
4. Курбаналиев Жаныбек Масабирович;
5. Жээнбекова Гулназ Камытовна;
6. Маматалиева Мунара Даниярбековна;
7. Джураева Чинара Муратовна;
8. Абдалиев Мейкинбек Акимович;
9. Карабекова Айгүл Асановна;
10. Саипов Айбек Сатыбекович
11. Нурбаева Гүлназ Абдулатиповна;
12. Султанова Олмаскан Абдыкапаровна;
13. Алтынбеков Айбек;
14. Сыдыков Бактыбек Усенович.









