Түрк мамлекеттер уюму: Кыргызстандагы шайлоо ачык-айкын, эл аралык стандарттарга ылайык өттү

01 декабря 2025

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) эл аралык шайлоо байкоо миссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону байкоонун жыйынтыгы боюнча билдирүүсүндө шайлоо ачык-айкын, эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык өткөрүлгөнүн белгиледи.

«ТМУ миссиясы боордош Кыргызстан элин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктайт жана анын жыйынтыктары өлкөдөгү туруктуулукту жана өсүп-өнүгүүнү мындан ары чыңдоого, ошондой эле түрк дүйнөсүндөгү боордош алакалардын тереңдешине өбөлгө болот деп үмүттөнөт», - деп айтылат ТМУ Миссиясынын билдирүүсүндө.

Төмөндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин (Парламенттин) мөөнөтүнөн мурда шайлоого ТМУнун Эл аралык байкоо миссиясынын билдирүүсүнүн толук тексти:

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын чакыруусуна ылайык, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Эл аралык байкоо миссиясы 2025-жылдын 26–30-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин (Парламентин) мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого байкоо жүргүздү. ТМУнун Миссиясы Секретариаттын кызматкерлеринен, ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссияларынын жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн куралган.

Миссия өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына, ошондой эле шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү тартибин жөнгө салган эл аралык укуктун жалпыга таанылган нормаларына ылайык аткарды.

Шайлоого даярдык процессине байкоо жүргүзүүнүн алкагында Миссия Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчытык Шайназаров менен жолугушуп, шайлоо процессин даярдоонун жана өткөрүүнүн укуктук жана административдик аспектилери боюнча кенен маалымат алды. Миссия үгүт кампаниясынын жүрүшү жана талапкерлердин шайлоого даярдыгы боюнча алардан түздөн-түз маалымат алуу үчүн шайлоого катышкан талапкерлер менен да жолугушту.

Миссия көп мандаттуу округдарда бир жыныстагы талапкерлердин саны үч мандаттын ичинен экиден ашпашы керектигин белгилеген мажоритардык шайлоо системасына киргизилген гендердик теңчилик чараларын оң баалайт.

Мындан тышкары, Миссия аралыктан добуш берүү механизмин киргизүүнү да оң баалайт. Бул механизм катталган участогунда добуш бере албаган учурда, башка шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле БШКнын 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участогун ачып, чет өлкөдөгү добуш берүүнүн географиясын кеңейтүү чечими шайлоонун инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн арттырды.

Шайлоо күнү Миссия эки топко бөлүнүп, Бишкек шаарындагы 19 шайлоо участогун кыдырды. Байкоонун жүрүшүндө Миссия шайлоо участкаларынын ишине административдик же укук коргоо органдары тарабынан кандайдыр бир кийлигишүүлөр болгонун аныктаган жок, ошондой эле жарандардын эркин билдирүүсу үчүн бардык зарыл административдик чаралар көрүлгөнүн белгиледи.

Миссия шайлоонун жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн болгон олуттуу мыйзам бузууларды каттаган жок. Миссия барган участоктордо коомдук тартип камсыздалганын белгиледи. Добуштарды саноо жана алгачкы жыйынтыктарды жарыялоо улуттук шайлоо мыйзамдарына ылайык жана өз убагында жүргүзүлдү. Участкалык комиссиялар эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар үчүн толук жеткиликтүүлүктү камсыздап, бул Миссия барган бардык участкаларда байкоонун толук форматта жүргүзүлүшүнө, шайлоо процессинин ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун жогорулатууга шарт түздү.

Мындан тышкары, Миссия шайлоо участокторунда үгүт материалдарынын жок экенин, ошондой эле кандайдыр бир саясий бирикме тарабынан шайлоочуларга басым кылуу же алардын эркин тандоосуна таасир этүү аракеттери катталбаганын, добуш берүү учурунда бюллетендердин сыртка чыгып кетүүсү боюнча фактылар болгон эместигин белгиледи. Миссияга шайлоо участокторуна толук жеткиликтүүлүк берилди, участкалык комиссиялардын өкүлдөрү зарыл болгон толук жана так маалыматтарды беришти.

Миссия шайлоо участоктору шайлоону натыйжалуу өткөрүүгө зарыл болгон материалдар жана техникалык жабдуулар менен толук камсыздалганын, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шайлоо участокторунда ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Миссия шайлоо мезгилинде эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусун да белгилейт: 58 мамлекеттен келген 788 чет өлкөлүк байкоочу, анын ичинде шайлоо комиссияларынын, парламенттик уюмдардын жана эл аралык түзүмдөрдүн делегациялары аккредитацияланган. Бул шайлоо процессине кошумча деңгээлдеги ачыктык жана эл аралык ишеним берди.

Жыйынтыктап айтканда, ТМУнун Эл аралык байкоо миссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин (Парламентин) шайлоо ачык-айкын, эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык өткөрүлгөнүн тастыктайт.

ТМУ миссиясы боордош Кыргызстан элин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктайт жана анын жыйынтыктары өлкөдөгү туруктуулукту жана өсүп-өнүгүүнү бекемдөөгө, ошондой эле түрк дүйнөсүндөгү боордош мамилелердин мындан ары тереңдешине өбөлгө болоруна үмүттөнөт».