Саат 16:00гө карата шайлоого катышуу 25% түздү
30 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого саат 16:00гө карата 1 073 444 шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 25%ын түзөт.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.
КР БШК төрагасы саат 16.00гө карата шайлоого катышуу 30% ашкан округдарды атады.
Алар: № 1, 10, 13 жана 30 шайлоо округдары.
Ал эми 20% төмөн көрсөткүч Аламудун шайлоо округунда жана Бишкек шаарынын 4 районунда катталган.
Т.Шайназаров бүгүнкү шайлоого катышуу деңгээлин 2021-жылдагы парламенттик шайлоодогу көрсөткүчтөр менен салыштырды.
2021-жылкы парламенттик шайлоодо саат 16.00гө карата 813 176 же 22,47% шайлоочу добуш берүүгө катышкан.
