КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров аралыктан добуш берди

30 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 9134 шайлоо участогунан добуш берди.

Т.Шайназаров аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланды, анткени ал шайлоочу катары № 8 шайлоо округунда (Ош облусу) катталган.

Добуш берээрдин алдында БШКнын төрагасы добуш берүү процедурасын баштан аяк өзүнүн мисалында айтып берди. Белгиленгендей, шайлоочу 3 документтин бири менен добуш бере алат – эл аралык паспорт, ички ID паспорту жана “Түндүк” тиркемеси аркылуу.

Т.Шайназаров өзү “Түндүк” тиркемесиндеги документи менен идентификациядан өтүп, добуш берди. Төрагага анын № 8 шайлоо округунун бюллетени чыгарылып берилип, ал өз округундагы талапкерлердин бирөөнө добуш берди. Жалпысынан добуш берүүгө 1 минутка жетпеген убакыт кетти. Аппарат 12 саатта 720 шайлоочуну тейлегенге жетишет. Анын бюллетень үчүн кагазы түгөнүп калса, кагазды салууга 3-4 секунд гана кетет.

Мына ушунун баарын өзүнүн катышуусунда мисал кылып көрсөткөн Төрага бардык участоктордо АСУ кынтыксыз иштеп жаткандыгын, айрым учурда гана адам фактору кезигиши мүмкүн экендигин айтып, шайлоочуларга добуш бергенден кийин бюллетенди бүктөбөй салуу керектигин эскертти. Ал эми адам фактору ошол замат жоюлат.

Ал добуш берген участокто ар кыл өлкөдөн келген көптөгөн эл аралык байкоочулардын иштеп жатканын көргөн БШКнын Төрагасы бул шайлоого 58 өлкөдөн 778 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөндүгүн дагы бир ирет маалымдады.

Добуш бергенден киийн Т.Шайназаров башка шайлоо участогуна  барып, дагы бир ирет добуш берүү аракетин жасады, бирок аппаратта кызыл түс күйүп,  шайлоочу буга чейин башка участокто добуш берген деген маалыматты берип, шайлоочунун кайрадан добуш берүүсүнө бөгөт койду. Муну менен БШК Төрагасы бүгүнкү шайлоодо колдонулуп жаткан жабдуу кайталап добуш берүү сыяктуу мыйзам бузууга таптакыр жол бербей тургандыгын айтты.