Жогорку Кеңештин депутаттарын жайдан тышкары шайлоодо 9364 адам добуш берди

29 ноября 2025

29-ноябрда саат 20:00дө шайлоо күнү шайлоо участогуна барууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн жайдан тышкары добуш берүү аяктады.

Жалпысынан өлкө боюнча 2 492 участкалык шайлоо комиссиянын ичинен 1 324 шайлоо комиссиясына 10 335 арыз келип түшкөн.

Күн ичинде, саат 8:00дөн 20:00гө чейин добуш берүүгө 9364 адам катышты, бул жайдан тышкары добуш берүүгө арыз берген шайлоочулардын 90,6 % түзөт.

Добуш берген 9318 шайлоочулардын ичинен:

курагы боюнча3 323 арыз;
майыптыгы боюнча1 933 арыз;
ден соолугунун абалы боюнча3 591 арыз;
айрым категориялардагы шайлоочулардан517арыз.

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, жайдан тышкары добуш берүү денсоолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участкаларына келе алыщпаган шайлоочулар, ошондой эле ооруканаларда, камакта кармоо жайларында кармалып турган же алыскы калктуу конуштарды жана мал чарбасынын алыскы участкаларын кошуп алганда, жетүүгө кыйын райондордо убактылуу жашаган жарандар үчүн уюштурулат.