Москва аймактык жана № 18 округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
29 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бүгүн, 29-ноябрда № 18 округдук шайлоо комиссиясынын курамына жана Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтомдор кабыл алынды:
- № 18 округдук шайлоо комиссиясынын курамынан Юней Гульнур Аскарбековна берген арызына ылайык чыгарылып, комиссиянын курамына Арыков Джодарбек Досматович киргизилди.
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Юней Гульнур Аскарбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) берген арызына ылайык чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Арыков Джодарбек Досматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
