КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ТүркПАнын делегациясы менен жолугушту
29 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 29-ноябрда, Түрк Парламенттик Ассамблеясынын делегациясы менен жолукту.
Тынчтык Шайназаров эртеңки парламенттик шайлоону байкоого келген делегацияны жылуу тосуп алып, уюмга мүчө мамлекеттердин колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Ал шайлоого даярдык процесси ачык-айкын өтүп жаткандыгын белгиледи.
Чет мамлекеттерде 100 шайлоо участогу ачылгандыгын айткан Т.Шайназаров, Түркияда мурда 2 шайлоо участогу болсо, азыр 8 участок, Казакстанда 7 участок ачылгандыгын эске салды.
БШКнын төрагасы шайлоо участокторунун ачылышына колдоо көрсөткөн мамлекеттерге, андагы жергиликтүү бийликке ыраазычылыгын билдирди.
Ал эми Казакстанда Атырау шаарында шайлоо участогунун Достук үйүндө ачылышын Т.Шайназаров өзгөчө символикага ээ деп белгиледи.
ТүркПА делегациясынын башчысы, Казакстандын парламентинин депутаты Абзал Купсан КМШ мамлекеттеринин ичинде Кыргызстан эң биринчилерден болуп шайлоону алдыңкы технологиялар менен өткөрүп жаткандыгын баса белгиледи. “Биз үчүн боордош Кыргызстандагы шайлоо өтө маанилүү, биз толук курамда келдик”, - деди ал.
“Түрк мамлекеттер уюму түзүлгөндөн бери мамлекеттер аралык мамилелер бекемделип, бири-бирибизге болгон колдоо күчөдү. Ушул платформада жолугушуу баарыбыз үчүн сыймык”, - деп белгиледи делегациянын мүчөсү, Түркия парламентинин депутаты Осман Местен.
Делегация мүчөлөрү жаңы шайлоо жабдууларына кызыгып, шайлоо участоктору дагы кайсы мамлекеттерде ачылгандыгын такташты.
КР БШКнын төрагасы келген меймандарга шайлоо жабдууларын көрсөтүп, бардык суроолорго кенен жооп берди.
Жолугушуунун аягында тараптар бири-бирине ийгилик каалашып, мындан ары да мамлекеттер ортосундагы шериктештиктин жана кызматташтыктын бекемделе беришине тилектештигин билдиришти.





