Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр киргизилди
27 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бугүн, 27-ноябрда КР БШКнын 2025-жылдын 28-июлундагы № 43 “Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө жобонун 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы редакцияда баяндалсын: “Талапкер чыгып калган учурда шайлоо бюллетенинде анын маалыматтарынын ордуна “каттоо жокко чыгарылды” деген жазуу жайгаштырылат жана сызып салуу, бош чарчыны кошуп алганда, сап боюнча түз сызык менен жүргүзүлөт.
Принтери бар идентификациялоочу түзүлүштө көрсөтүлгөн белги менен бюллетень түзүлөт, ал автоматтык эсептөөчү урналарда сакталат.”




