КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Мальдив Республикасынын БШКсынын төрагасы Мохамед Захид менен жолукту
27 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 27-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоону байкоо үчүн Кыргызстанга келген Мальдив Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мохамед Захид менен жолукту.
Мохамед Захид Кыргызстанга алгач ирет келип жаткан делегация үчүн шайлоону байкоого катышуу чоң сыймык экенин айтты жана жылуу тосуп алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстан жаш мамлекет болгонуна карабастан, акыркы жылдары байкалаарлык өсүп-өнүгүүгө жетишкенин баса белгиледи. М. Захид алдыдагы шайлоонун Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө маанилүү экенин айтып, анын эркин жана адилеттүү өтөрүнө ишенимин билдирди.
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоону жогорку деңгээлде уюштурууга бардык шарттар түзүлүп жатканын билдирди. Ал маектешин шайлоо реформасынын негизги багыттары менен тааныштырып, реформанын максаты – шайлоо процедураларын ачык жана ишенимдүү кылуу, ошондой эле жарандардын конституциялык укуктарын коргоо экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шайлоо процесстерин уюштурууга байланыштуу пикир алмашып, бири-бирине ийгилик каалашты.
Жолугушуунун соңунда Мальдив Республикасынын БШКсынын төрагасы Тынчтык Шайназаровду 2026-жылдын апрель айында Мальдив мамлекетинде өтө турган жергиликтүү шайлоолорду байкоого чакырды.








