КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Азербайжан БШКсынын төрагасы Мазахир Панахов менен жолукту

27 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 27-ноябрда Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мазахир Панахов менен жолугушту.

Азербайжан делегациясы менен учурашууда, Тынчтык Шайназаров Азербайжан БШКсынын өкүлдөрүнүн келиши кыргыз тарап үчүн боордош элдин колдоосу катары кабыл алынарын баса белгиледи.

Ал мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, бул шайлоо  жаңы система боюнча өтүп жатканын белгиледи. Кыргызстанда 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлүп, алгачкы жолу аралыктан добуш берүү системасы киргизилди. Жаңы шайлоо жабдуусу шайлоочунун маалыматтарын 1 мүнөттөн ашпаган убакытта иштетип, 12 саат ичинде 800гө чейин шайлоочуга кызмат көрсөтө алат.

Жарандардын добуш берүү укугун камсыздоо максатында чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участкасы ачылды. Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкалары түзүлдү. Алардын катарында аэропорттордо (учуу жана конуу зоналарында), ири базарларда, соода борборлорунда, тергөө абагында, медициналык мекемелерде жана адамдар көп топтолгон башка жайларда жайгашкан пункттар бар.

Т. Шайназаров бул чаралар шайлоочулар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана шайлоочулардын жигердүүлүгүн жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Азербайжан БШКсынын төрагасы Мазахир Панахов Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорду байкоого Азербайжандан 25 байкоочу келерин билдирди. Алардын ичинде КМШ, КМШ ПАА, Түрк мамлекеттер уюму, ТүркПА, ИКУ, ЕККУ ПА, ЕКПА сыяктуу эл аралык миссиялардын курамында, эки тараптуу негизде жана Азербайжан элчилигинен келген байкоочулар бар.

Ал эки өлкөнүн шайлоо комиссияларынын ортосундагы кызматташтык мындан ары да өнүгөт деген ишенимин билдирип, алдыдагы шайлоолонун ийгиликтүү өтүшүн каалады.