КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КРдеги Евробиримдиктин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту

24 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 24-ноябрда Кыргызстандагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктардын жүрүшү, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында эл аралык өнөктөштөр менен өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Т. Шайназаров Кыргыз Республикасы эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусуна ачык экенин белгиледи. 2025-жылдын 24-ноябрына карата Борбордук шайлоо комиссиясы 58 мамлекеттен 770 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.

Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорго ЕБден алты байкоочу катышарын маалымдады.

БШК төрагасы өлкөнүн шайлоо мыйзамдарындагы реформалар тууралуу айтып берип, алардын маанилүү жыйынтыктарынын бири - “бир шайлоочу - бир добуш - бир талапкер” принцибинин толук камсыздалышы экенин баса белгиледи.

Реми Дюфло аралыктан добуш берүүнү уюштуруу тартибине, талапкерлер менен иштөөдө белгиленген процедураларды сактоо жаатына, үгүт маалында мыйзамда каралган чаралардын колдонушуна, ошондой эле талапкерлердин жыныстык жана этностук өкүлчүлүгүнө кызыгуу билдирди. Ошондой эле чет өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандарынын добуш берүүсүнүн өзгөчөлүктөрү жана аларды өз убагында маалымдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Бардык суроолор боюнча Тынчтык Шайназаров кеңири жана толук маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы шайлоодо колдонулуучу аралыктан добуш берүүнүн жаңы шайлоо жабдуулары да салттуу түрдө көрсөтүлдү.

Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло толук маалымат алганын белгилеп, алдыдагы шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алууну каалады.