Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча талапкерге жана жарандарга, талапкердин ар намысына шек келтирген жаранга айып пул салынды

24 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрда шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган талапкерлер, жарандар жана талапкердин ар намысына шек келтирген жаран боюнча маселелерди карады.

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун социалдык тармактарга жүргүзгөн мониторингдин натыйжасында, социалдык тармактарда талапкерлер Акаев Жанарбек Кубанычович (№ 8 шайлоо округу), Ашимова Динара Ашимовна (№ 8), Бакасов Улан Болотбекович (№ 30), Сейтказиева Эркеайым Алымовна (№ 25) үчүн шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган маалыматтар таратылып жатканы аныкталган.

Тактап айтканда, Facebook социалдык тармагындагы “Janar Akaev” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, үгүт шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныкталган. 2025-жылдын 18-ноябрында № 5139 шайлоо участогунун жанында талапкер Ж.Акаевдин катышуусунда үгүт материалдарын жайгаштыруу менен үгүт иш-чарасы өткөрүлгөн.

Шайлоо мыйзамдарында үгүт материалдарын шайлоо комиссияларынын орун жайларына, алардын кире бериш жерлерине жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.

Ал эми талапкер Д.Ашимова үчүн шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган маалымат Instagram социалдык тармагындагы “dinara_ashimova_official” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык аныкталган. Анда талапкердин кесиптик ишине же кызматтык (кызмат орду боюнча) милдеттерин аткаруусуна байланыштуу жана материалдык баалуулуктарды эл алдында убада кылуу тууралуу маалымат таратылып, мыйзам талаптары бузулган.

Талапкер Э.Сейтказиева үчүн үгүт шарттарын бузган маалыматты Instagram социалдык тармагындагы А.Р. Яхизов “iakhizovanvar” аттуу колдонуучу тараткан. Мында да “талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратууга тыюу салынат” деген мыйзам талабы бузулган. Ошондой эле шайлоо дайындалган учурдан тартып, шайлоочуларга пара берүүгө, акчалай каражаттарды берүүгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды берүүгө тыюу салынат.

Жумушчу топтун жыйынында А.Яхизов талапкер менен социалдык тармактарда үгүт иштерин жүргүзүү боюнча келишим түзгөнүн, анын жарыялоосу үгүт иштеринин шарттарын бузганын билбегенин түшүндүрдү.

Ал эми талапкер У.Бакасов үчүн үгүт шарттарын бузган маалыматты Facebook социалдык тармагында “Adilet Kadyrakunov” аттуу колдонуучу тараткан, ага 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынган. Жумушчу топтун жыйынында А.К. Кадыракунов үгүт шарттарын бузган социалдык тармактагы постторду алып салууга үлгүрбөгөнүн түшүндүрдү. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 61-беренесине ылайык, шайлоо комиссиясынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин жана талаптарын аткарбоо физикалык жактарга айып пул салууга алып келет.

КР БШКсына ошондой эле Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн № 2 шайлоо округунан талапкер Аманова Бурун Кушбековнанын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган Ажибаева Насиба Кубатовна жарыялаган материалдар келип түшкөн.

Анда Н.Ажибаева WhatsApp мессенджериндеги “Домкомы Кадамжай-Суу каналы” группасында талапкер Б.Аманованын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы аныкталган.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлер жөнүндө атайылап жалган маалымат тараткан же ар-намысына шек келтирген адамдар жазык же башка жоопкерчиликке тартылат.

Жумушчу топ талапкер Ж.Акаевге, талапкерлер үчүн үгүт шарттарын бузган жарандар А.Кадыракуновго жана А. Яхизовго Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну, ал эми талапкер Д.Ашимовага эскертүү берүүнү сунуштаган. Н.Ажибаевага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.

КР БШКсы ошондой эле № 23 шайлоо округунан талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Т.М. Алхожоевдин арызын карады. Анда үгүт иш-чараларын өткөрүүгө тоскоолдук кылынган факты тууралуу, тактап айтканда Бишкек шаарынын Биринчи май районунда арыз ээсинин үгүтчүлөрүнө көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосуна кирүүгө уруксат берилген эмес деп баяндалган.

Кирүүгө тоскоолдук кылган адамдардын айтымында, бул үй талапкер Умбеталы Кыдыралиевге "иштегендиги" менен негизделген. Арыз ээси бул жагдайлар үгүт иштерин жүргүзүүгө тоскоолдуктарды жаратып, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттардын принциптерин бузууга алып келет деген пикирин билдирген.

Жумушчу топ арызды карап чыгып, үгүт ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактыларын тастыктаган жетиштүү негиздердин жоктугуна, арыз ээсинин жүйөөлөрү далилденбегендигине байланыштуу талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Алхожоевдин арызда көрсөтүлгөн талаптарын канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган.

Натыйжада, КР БШКсы Жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкер Ж.Акаевге, жарандар А.Кадыракуновго, А.Яхизовго 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, Н.Ажибаевага 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү. Талапкер Д.Ашимовага эскертүү берип, талапкер И.Карыпбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Т.М. Алхожоевдин арызында баяндалган талаптарды канааттандыруудан баш тартты.