Араван районундагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү

24 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-ноябрда «Араван районундагы № 5351 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө» токтом кабыл алды.
Ош облусунун Араван районунун Араван айылындагы М.Султанов көчөсү, 40 дарегиндеги Ж.Абдрахманов атындагы орто мектебинде жайгашкан № 5351 шайлоо участогунун дареги Ленин көчөсү, 27де жайгашкан Балдар чыгармачылык мектебинин имаратына өзгөртүлдү.
Тийиштүү округдук шайлоо комиссиясына С.Юсупов айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.