Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда
21 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер өлкө аймактарында шайлоочулар менен жолугушууларын улантууда.
Жолугушуулардын негизги максаты – шайлоочуларды талапкерлердин программалары менен тааныштыруу. Шайлоочулар программалардын алкагында суроолорду берип, андан тышкары Жогорку Кеңештин, депутаттардын ыйгарым укуктары тууралуу да суроолоруна жооп алышууда.
Жолугушууларды «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бардык талапкерлер үчүн уюштурушууда.
2025-жылдын 20-21-ноябрында талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү:
Баткен облусу боюнча – Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл өкмөтү;
Ош облусу боюнча - Ноокат районунун Көк-Бел, Исанов, Кеңеш, Кыргыз-Ата айыл өкмөтү, Араван районунун Чөгөм, Кичи-Алай айылдары, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгы;
Жалал-Абад облусу боюнча - Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү;
Чүй облусу боюнча - Панфилов районунун Орто-Кайынды айыл өкмөтү, Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтү;
Ысык-Көл облусу боюнча – Балыкчы шаары, Ак-Суу районунун Каракол айыл өкмөтү, Ысык-Көл районунун Тамчы, Тору-Айгыр айыл өкмөтү, Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтү;
Нарын облусу боюнча - Ак-Талаа районунун Ала-Буга, Кара-Бүргөн, Баетов жана Тоголок-Молдо айыл өкмөтү;
Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи Май райондору.
Алдын ала бекитилген графикке ылайык, 2025-жылдын 10-ноябрында башталган жолугушуулар 26-ноябрда аяктайт.























