Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдары катталды

20 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттады:
- №21 шайлоо округу боюнча талапкер Арбышев Бейшен Тургунбаевичтин 19 ишенимдүү адамы;
- №5 шайлоо округу боюнча талапкер Мурзажигит кызы Зареманын 9 ишенимдүү адамы;
- №3 шайлоо округу боюнча талапкер Шамаев Акылбек Арапбаевичтин 7 ишенимдүү адамы;
- №20 шайлоо округу боюнча талапкер Курманбекова Бермет Курманбековнанын 7 ишенимдүү адамы;
- №17 шайлоо округу боюнча талапкер Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин бир ишенимдүү адамы;
- №22 шайлоо округу боюнча талапкер Иманбек кызы Бактыгүлдүн бир ишенимдүү адамы;
- №8 шайлоо округу боюнча талапкер Семетей кызы Айзиректин ишенимдүү адамы катары катталган Г.М.Арыкбаеванын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна С.Абдыкерим уулу ишенимдүү адам катары катталды.
Ошондой эле №25 шайлоо округу боюнча талапкер Шерикулова Минара Анарбековнанын ишенимдүү адамы катары катталган Н.Ж. Мазекованын каттоосу жокко чыгарлды.
Ал эми №3 шайлоо округу боюнча талапкер Шамаев Акылбек Арапбаевичтин КР БШКдагы өкүлү катары Э.Ж. Абдырахманов катталды.
Ишенимдүү адамдарга жана БШКдагы өкүлгө белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.