Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер өлкө аймактарында шайлоочулар менен жолугушууда
19 ноября 2025
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер өлкө аймактарын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларда өздөрүнүн программалары менен тааныштырууну улантууда.
Депутат болуп шайланып калса, келечекте аткара турган иш пландарын кеңири айтып берип, шайлоочулардын суроолоруна жооп беришүүдө.
2025-жылдын 10-ноябрында башталган талапкерлердин аймак тургундары менен жолугушуулары 26-ноябрда аяктайт.
Жолугушууларды «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген график боюнча уюштурушууда.
2025-жылдын 18-19-ноябрында жолугушуулар төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү:
Баткен облусу боюнча – Баткен шаары, Лейлек районунун Сүлүктү шаары, Баткен районунун Ак-Сай, Карабак жана Төртгүл айыл өкмөтү, Кадамжай районунун Исхак Полотхан, Майдан айыл өкмөтү;
Ош облусу боюнча – Ош шаарынын Жибек Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгы, Ноокат районунун Ноокат шаары жана Гулистан, А. Мирмахмудов, Кара-Таш айыл өкмөтү, Араван районунун Достук, С.Юсупов, Керме-Тоо айыл өкмөтү, Өзгөн районунун Салам-Алик, Кара-Шоро айыл өкмөтү, Жалал-Абад облусу боюнча – Сузак районунун Барпы, Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Көк-Арт айыл өкмөтү, Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаары жана Акман, Арстанбап-Ата, Кеңеш айыл өкмөтү, Токтогул районунун Таш-Көмүр шаары, Ноокен районунун Шамалды-Сай шаары, Бүргөндү-Достук айыл өкмөтү, Тогуз-Торо районунун Атай, Каргалык, Тогуз-Торо айыл өкмөтү;
Чүй облусу боюнча - Панфилов районунун Кайынды шаары жана Фрунзе, Курама, Күрпүлдөк айыл өкмөтү, Аламүдүн районунун Арашан, Байтик-Баатыр, Достук, Абдыкерим Сыдыков айыл өкмөтү;
Ысык-Көл облусу боюнча - Ак-Суу районунун Хан-Теңири, Алтын-Арашан айыл өкмөтү, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Оргочор айыл өкмөтү;
Нарын облусу боюнча - Жумгал районунун Чаек, Мин-Куш айыл өкмөтү, Ат-Башы районунун Кара-Суу, Казыбек жана Баш-Кайыӊды айыл өкмөтү,
Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи Май жана Октябрь райондору.










